Колдонуучу келишими
«Ак Нике» агенттигинин публичная офертасы
Ушул Колдонуучу келишими (мындан ары — «Келишим») «Ак Нике» агенттигинин (мындан ары — «Аткаруучу») веб-сайтында жайгаштырылган жана кызматтарды пайдаланууну каалаган ар бир жаранга (мындан ары — «Колдонуучу» / «Кардар») карата расмий сунуш (публичная оферта) болуп саналат.
Сайтта катталуу, анкетаны толтуруу, «Макулмун» баскычын басуу же кызмат үчүн төлөм жүргүзүү Кардардын ушул Келишимдин бардык шарттарын толук жана эч кандай өзгөртүүсүз кабыл алгандыгын (акцепт) билдирет.
1. КЕЛИШИМДИН ПРЕДМЕТИ
1.1. Аткаруучу Кардардын талаптарына ылайык никеге талапкерди издөө жана тааныштыруу боюнча маалыматтык-консультациялык кызмат көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми Кардар көрсөтүлгөн кызмат үчүн белгиленген тартипте төлөм жүргүзүүгө милдеттенет.
1.2. Бул келишим никени каттоону же сөзсүз никеге турууну кепилдебейт.
1.3. Аткаруучу тараптарды тааныштыруу кызматын гана көрсөтөт.
2. КЫЗМАТТЫН БААСЫ ЖАНА ТӨЛӨӨ ТАРТИБИ
2.1. Кызматтын баасы сайттагы тарифтерге ылайык белгиленет жана төлөм онлайн/накталай эмес же накталай тартипте жүргүзүлөт.
2.2. Эгерде Аткаруучу Кардардын талаптарына ылайык жок дегенде бир талапкерди сунуштаган болсо, кызмат көрсөтүлгөн болуп эсептелет.
2.3. Кардар өз каалоосу менен кызматтан баш тарткан учурда төлөнгөн каражат кайтарылбайт.
2.4. Кардар Аткаруучу тарабынан экинчи тарап жөнүндө берилген маалыматтарды мыйзамсыз таратса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жоопкерчилик тартат.
3. КЫЗМАТТАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ЖАНА ТАПШЫРУУ
3.1. Аткаруучу тарабынан никеге талапкерлер жөнүндө маалымат берилген учурдан тартып маалыматтык-консультациялык кызмат толук жана талаптагыдай көрсөтүлгөн болуп саналат.
3.2. Кардар кызматтын көрсөтүлүшүн кабыл алат жана белгиленген мөөнөттө жазуу жүзүндө жүйөлүү доомат жөнөтпөсө, кызматтын көлөмүнө, сапатына жана мөөнөтүнө дооматы жок деп эсептелет. Документтерди электрондук тастыктоо эки тараптуу актыга кол коюу менен бирдей юридикалык күчкө ээ.
4. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
4.1. Аткаруучу милдеттүү:
- Кызматты ак ниет жана купуя негизде көрсөтүүгө;
- Кардардын жеке маалыматтарын мыйзам талаптарына ылайык сактоого;
- Кардардын алдын ала макулдугусуз анын байланыш маалыматтарын үчүнчү жактарга бербөөгө.
4.2. Кардар милдеттүү:
- Белгиленген төлөмдү өз убагында толук жүргүзүүгө;
- Өзү жөнүндө так жана туура маалымат берүүгө;
- Анкетадагы маалыматтар өзгөрсө, бул тууралуу Аткаруучуга өз убагында билдирүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, кызматкерлер жана сунушталган талапкерлер менен сылык, этикалык негизде баарлашууга.
5. ЭТИКА ЖАНА ОРОЙ/УЯТ СӨЗДӨРДҮ КОЛДОНУУГА ТЫЮУ САЛУУ (КР КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН НЕГИЗИНДЕ)
5.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесине ылайык, ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысын жана аброюн коргоого укуктуу. Кыргыз Республикасында адамдын кадыр-баркы абсолюттук жана кол тийгис.
5.2. Ушуга байланыштуу Кардарга Аткаруучунун кызматкерлерине же сунушталган талапкерлерге карата уят, орой, кемсинткен сөздөрдү (нецензурная лексика), коркутууларды, шантажды жана башка адамдын ар-намысын, аброюн жана кадыр-баркын басынткан аракеттерди жасоого катуу тыюу салынат.
5.3. Эгерде Кардар тарабынан адепсиз сөздөр, кемсинтүү же кордоо фактылары катталса, Аткаруучу кызмат көрсөтүүнү токтоосуз бир тараптуу негизде токтотууга, Кардардын анкетасын агенттиктин базасынан биротоло өчүрүүгө жана аны кара тизмеге (Blacklist) киргизүүгө укуктуу.
5.4. Бул эрежелерди бузгандыгы үчүн базадан өчүрүлгөн Кардар «Ак Нике» агенттигинин учурдагы жана келечектеги бардык кызматтарынан пайдалануу укугунан биротоло ажыратылат жана кайрадан кызмат ала албайт.
5.5. Кардардын уят/орой сөздөрдү колдонгондугу үчүн келишим токтотулганда, кызмат үчүн төлөнгөн акча каражаты айып акы катары калып, кайтарылып берилбейт. Ошондой эле Аткаруучу жана жабыркаган тарап КРнын мыйзамдарына ылайык сотко кайрылуу укугун өзүндө калтырат.
7. ЖООПКЕРЧИЛИК ЖАНА КЕПИЛДИКТЕРДЕН БАШ ТАРТУУ
7.1. Аткаруучу төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартпайт:
- Талапкерлер тарабынан берилген маалыматтын аныктыгы үчүн;
- Тараптардын таанышкандан кийинки мамилелери үчүн;
- Никеге турууга же никеден баш тартууга байланыштуу кабыл алынган чечимдер үчүн.
7.2. Кардар жалган же бурмаланган маалымат берген учурда келип чыккан бардык кесепеттер үчүн жеке өзү толук жооп берет.
8. КЕЛИШИМДИН МӨӨНӨТҮ ЖАНА ТАЛАШТАРДЫ ЧЕЧҮҮ
8.1. Келишим Кардар аны сайтта кабыл алган (акцепт) учурдан тартып күчүнө кирет жана тараптар милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат.
8.2. Бардык талаштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
8.3. Макулдашууга жетишилбеген учурда талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет.
8.4. Аткаруучу ушул Келишимдин шарттарын бир тараптуу өзгөртүүгө укуктуу, жаңы редакция сайтта жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
© 2026 Ак_Нике